Опубликовано
14.08.2024, 08:25Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 1 миң унаага жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Азыр ар бир пунктка 160тан машина туура келет. Алардын санын көбөйтүү максатында “Эркечтам” постунун аянты 2,5 гектардан 8 гектарга кеңейтилди. Ошондой эле жолду жакшыртуу иштери жүрүп жатат.
Өз кезегинде “Торугарт” пунктунда бажы көзөмөлү үчүн 6 унаалык жаңы ангар курулду. Мындан тышкары, эскилиги жеткен имараттар сүрдүрүлүп, кошумча унаа токтотуучу жайлар түзүлдү.
Мунун баары өлкөлөр ортосундагы соода алаканы өнүктүрүүгө таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.