akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    22.03.2022, 08:44

    Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен уруксат кагаздарын берүү, салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө, айыппулдарды чегерүүдөн 50 млн 922,5 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев билдирди.

    Анын айтымында, 2021-жылы 11 млн 503,5 миң сомго айдоочуларга 17 миң 666 лицензия берилген. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 млн сомго көп.

    “2021-жылы Транспорт көзөмөл инспекторлору тарабынан 501 миң 262 миң унаа текшерилген. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 26%га көп. Ал эми түзүлгөн протоколдордун саны 27%, чегерилген айыппулдардын саны 80%, өндүрүлгөн айыппулдардын саны 61%га өскөн”, - дейт ал.

    Ошондой эле ал былтыр жалпы 170 миң 139 каттам аткарылып, 2 млн 623 миң 930 тонна жүк ташылганын айтты.


    Читать похожее

    • 22.03.2022, 02:44:01
    • 11.02.2022, 03:10:43
    • 23.07.2020, 22:20:15
    • 25.06.2020, 01:15:13