Опубликовано
03.02.2020, 11:502020 - жылы Түркмөнстанда 10 млн бак отургузулат. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун түркмөнстандык orient.tm агенттиги жазат.
Агенттик жазгандай, Ашхабаддын айланасында эле 5 млн бак тигилет. Аны менен бирге өлкөнүн аймактарында 5 млн дарак отургузулат.
Ал эми бул иштин башында туруп, уюштуруу милдети Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине тапшырылган. Министрлик борбордук жана облустук администрацияларды көчөттөр менен камсыз кылып, алардын отургузулушун көзөмөлдөйт.
Эске сала кетсек, 2018 - жылы Түркмөнстан 3 млн түп бак отургузган.