Опубликовано
06.10.2020, 06:12Азыркы учурда өкмөт үйүнүн айланасына топтолгон эл чогулду. Ал жакта «Ыйман нуру», «Реформа» жана «Чон казат» пратияларынын өкүлдөрү дагы бар.
[news 28695]
Буга чейин бир партиянын өкүлү Темирлан Орозалиев билдиргендей, өкмөт үйүнүн ичинде үч партиянын жетекчилери убактылуу өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Андан сырткары, «Ата-Журт» саясий партиясынын өкүлү Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров өкмөт башчы болоору мүмкүн экендигин билдирди. Кечке маал чечимдер кабыл алынат.