Опубликовано
23.08.2024, 04:06Бишкек шаарында диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган мекеме ишмердүүлүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосу жок жүргүзүп, анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.
Аталган мекемеде ДИМКнын, санэпидемкөзөмөлдүн, билим берүү министрлигинин, Ички иштер органдарынын, өрт кызматынын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, окуу-тарбия программаларын, өрт коопсуздугун сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.