Опубликовано
08.04.2024, 08:23Депутат Дастан Бекешев парламентте жаңы киберкоопсуздук боюнча мыйзам карала турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм-каналына жазды.
Мыйзам долбоорун Улуттук коопсуздук комитети демилгелеген. Бул мыйзам менен УКМК киберкоопсуздукту камсыздап жана кибер кылмыштар менен күрөшүүнү каалайт.
Долбоордун максаты интернет - провайдерлердин УКМКнын айрым талаптарына баш ийишин камсыз кулуу жана алардын (ред. провайдерлердин) программалык камсыздоолоруна кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу.
Бекешевдин айтымында, аталган мыйзам долбооруна Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн интернет-провайдерлер да сунуштарын айтышкан. Бирок алардын сунушу кабыл алынган эмес.