Опубликовано
11.03.2022, 03:21Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта интервенция жасап, валюта рыногуна 59,30 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын 39,85 млн доллары накталай түрдө сатылган.
2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,8000 сомдон 103,1214 сомго чейин жогорулаган.
Үстүбүздөгү жылдын башынан 10-мартка чейин Улуттук банк 284,30 млн доллар өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жасаган.