akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.05.2024, 10:40

    Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Казимов каржы тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

    Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинен билдиришкендей, кол коюу аземи Баку шаарында өттү.

    “Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасы кесиптешине белек катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук чыгармалар жыйнагын жана банктын анын 95 жылдыгына арналган коллекциялык тыйындарын тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 07.08.2024, 05:50:17
    • 04.07.2024, 04:25:16
    • 07.06.2024, 03:11:17
    • 13.05.2024, 04:40:08