Опубликовано
16.12.2020, 03:15Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Улуттук госпиталда эмгектенген 554 медикке ноябрь айы үчүн 18 млн 936 миң 200 сом кенемте которду. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
[news 30866]
Маалыматка ылайык, 554 медиктин 112 дарыгерине 5 млн 333 миң 800 сом, 208 орто медкызматкерге 8 млн 122 миң 20 сом, 142 кенже медкызматкерге 5 млн 287 миң 200 сом жана башка 92 кызматкерге 193 миң 180 сом төлөнүп берилген.