akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    10.04.2023, 09:27

    Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

    Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду. Каражат 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жеткен ардагерлердин урматына, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү жеңиштин 78 жылдыгына карата берилет.

    Ушул жылдын 1-апрелине карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:

    • 12 - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
    • 35 - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
    • 9 - Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен;
    • 12 - 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен, ошондой эле “Блокадалык Ленинграддын жашоочусу” белгиси менен сыйланган адамдар.

    Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

    Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7000 сом) жана Президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.


    Читать похожее