Опубликовано
20.05.2024, 04:55Улуу Британияда кадимки салфетка 965 миң долларга сатылды. Анда футболчу Лионель Мессинин “Барселона” менен түзүлгөн биринчи келишимдин тексти жазылган.
Аны ким сатып алганы белгисиз. Келишим 2000-жылы, Месси 13 жашында түзүлгөн. Кийин эки тарап расмий документтерге кол коюшкан.
Эске салсак, Месси “Барселонада” 21 жыл ойноду. Андан кийин форвард америкалык клубга которулган.