akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.08.2020, 11:20

    Android аталыштагы уюлдук телефондору үчүн атайын «Мамлекеттик каттоо кызматы» боюнча тиркеме иштелип чыкты. Ал эми Apple үлгүсүндөгү уюлдук телефондор үчүн бул кызмат киийнчерээк ишке ашат.

    [news 27078]

    Статистика боюнча порталдын 85% колдонуучулары уюлдук телефондун кызматтарын колдонушат. Ошол себептен тиркеме иштеп чыгууга идеясы келип чыккан.

    Тиркемени Google Play Market тиркемесинен көчүрүп алса болот.

    Бул кызматта төмөндөгү кызматтын түрлөрү бар:

    • паспортту текшерүү;
    • паспортту даярдоо;
    • үй-бүлөлүк абалды текшерүү;
    • каттоо дарегин аныктоо;
    • унаанын бар-жогун текшерүү;
    • автоунааларды, жеке этикеткаларды жана жабдууларды каттоо документтерин жарактуу деп текшерүү;
    • Улуттук айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугун текшерүү;
    • Carcheck жөнүндө маалымат
    • Коопсуз шаар тутуму боюнча айып пулдарды текшерүү;
    • Сертификаттын аныктыгын текшерүү;
    • дипломдун аныктыгын текшерүү;
    • Балага сүйүнчү төлөмүнүн абалын текшерүү

    GDS Services мобилдик тиркемесинин артыкчылыктарынын бири - кайтарым жооп берүү тутуму (push notifications), бул сизге алган айыптар, паспорттун даярдыгы ж.б. жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

    Келечекте мобилдик тиркеменин кызматтарынын спектрин кеңейтүү пландаштырылууда: электрондук айдоочулук күбөлүк, электрондук унаа паспорту, электрондук паспорт жана башка кызматтарды кошуу.


    Читать похожее