Опубликовано
08.03.2024, 08:27Соңку кездери кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарда кыргызстандык жарандар "WhatsApp" мессенджеры аркылуу жасалган алдамчылык аракеттер тууралуу видеокайрылууларды активдүү бөлүшүп жатышат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды эскертип, шылуундарга кандай мамиле кылуу керектигин түшүндүрдү.
Тактап айтканда, видео чалуу аркылуу өздөрүн укук коргоо кызматкерлери катары тааныштырышат, айрымдары милиция кызматкеринин формасын кийип байланышка чыгышат.
Ошентип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун кыраакы болууга, эмоцияга алдырбоого жана негизги коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат: