Опубликовано
10.02.2021, 10:002021-жылы январда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөөлөргө баанын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитеттен билдиришти.
[news 31516]
Анын маалыматы боюнча, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1,7%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки – 0,7%га, азык-түлүк товарларына болгон баа – 0,4%га өскөн, ошол эле учурда элге кызмат көрсөтүү наркы 0,1%га азайган.
«Негизинен жашылчалардын баасы 7,8%га, картошка – 4,7%га, өсүмдүк майы – 3,8%га, сүт азыктары жана жумуртка – 3,5%га кымбаттаган. Ал эми эң жогорку кымбаттоо Нарын жана Баткен облустарында катталды», - деп кошумчалады Турдубаева.