Опубликовано
17.09.2020, 10:30Саламаттык сактоо министрлигине Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында 74 миң 700 даана беткап (FPP2) жана 56 миң даана коргоочу кийим берилди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
[news 27859]
Маалыматка ылайык, министрлик беткаптарды жана жеке коргоочу кажаттарды өлкөгө таасирин тийгизип жаткан пандемияга чара көрүүдөгү учурдагы күч-аракеттерди колдоо үчүн пайдаланмакчы.
«Бул тапшыруулар Дүйнөлүк банкка жайгаштырылган Пандемияга жооп катары өзгөчө кырдаалдардагы чараларды каржылоо фондунан алынган камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен каржыланды. Фонддун ишмердүүлүгү 2016-жылы тиешелүү өлкөлөр үчүн, алар транс чек аралык, ири масштабдуу оорулардын чыгышына бет келишкен учурда каржылоонун кошумча булагын камсыздоо максатында башталган. Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФти Кыргыз Республикасынын атынан 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн пайдалануу менен макулдашылган иш-чараларды аткарууга номинациялаган», - деп айтылат маалыматта.
Дүйнөлүк банк ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигин COVID-19га таандык болгон эки долбоор аркылуу колдоп жатат.
Долбоорлор ооруканаларга жана медициналык мекемелерге, лабораторияларга жана чек ара пункттары үчүн зарыл болгон негизги медициналык ресурстарды, жабдууларды жана дары-дармектерди каржылайт.
«ЮНИСЕФ Өкмөткө алдыңкы чектерде иштегендерге зарыл болгон материалдарды берүү, ошондой эле жалпы чара көрүүнүн алкагында ар бир баланын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана өсүшүн камсыздоо менен COVID-19 пандемиясына жооп катары колдоо көрсөтүүсүн улантат», - деп айтылат маалымат.