Опубликовано
04.07.2024, 04:11Өзбекстандан селден жабыркаган Ноокат районунун тургундарына 95 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, гуманитардык жардам катары ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр келген.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жамгырдан улам 125 үйдү суу каптап, 28 үйдүн ичине суу кирген, 11 үй жараксыз абалга келген.