akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.05.2020, 07:15

    Өзбекстанда өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандарды киреше салыгынан бошотуу үчүн жаңы система киргизилет.

    [news 24095]

    Дээрлик 60тай кесиптин ээлери, маселен, чач тарачтар, өтүкчүлөр, наабайчылар, усталар, тигүүчүлөр, таксисттер, котормочулар, дизайнерлер, программисттер киреше салыгынан бошотулат. Бул тууралуу 19-майда өткөн видеоселектордук жыйында Шавкат Мирзиёев билдирди.

    Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул артыкчылыктан колдонуу үчүн салык органдарына телефон аркылуу маалымат берүү жетиштүү болот.

    Жыйында ишкерлердин укугу жана жеке менчиктин кол тийбестигине кепилдик берүү талкууланган.

    «Акимдерге эскертип коеюн: Эгер бир эле ишкердин мүлкү мыйзамсыз тартылып алынса, аким кызматтан алынуу менен эле кутулбайт, ал мыйзам алдында жооп берет», – деген Шавкат Мирзиёев.

    Президент тиешелүү мекемелерге жеке менчиктин кол тийбестигин бузагандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү, ишкерлерге компенсация төлөө жөнүндөгү соттун чечимдеринин толук кандуу аткарылышын камсыздоону тапшырды.


    Читать похожее

    • 15.11.2023, 22:45:54
    • 18.02.2022, 02:50:46
    • 11.11.2020, 00:15:12
    • 19.10.2020, 02:05:51