Опубликовано
04.05.2020, 08:40Жалал-Абад облусунда быйыл 4 айда былтыркыга караганда бюджетке 411 млн сомго көбүрөөк каражат чогултулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
[news 22954]
Анын айтымында, быйыл 4 айда бюджетке 1 млрд 617 миң сом каражат чогултуу пландалган.
«Аны облус 103%га аткарды же 1 млрд 673 млн сом акча чогултулду. Ал эми былтыркы жылдын 4 айына караганда өсүш 128%ды түздү. Башкача айтканда биз былтыркы жылдын 4 айына салыштырмалуу 411 млн сомду көбүрөөк чогулду», - деди ал.