akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.07.2024, 11:30

    Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кайнама” чакан гидроэлектростанциясын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

    Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда орун алган “Кайнама” ААК чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады.

    Аталган ГЭСтер каскадын курууга 9 млн 307 миң доллар инвестициялык каражат тартылган. Бул суммага “Raffaisen Landesbank Steiermark” банкынын жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун салымдары кирет.

    Президент “Кайнаманын” жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгарын белгиледи. Бул электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгы канааттандырылат.


    Читать похожее