akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.08.2024, 09:12

    Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында жеке жаран өзүнүн жеке менчик айыл чарба багытындагы кайракы айдоо жеринин күрдүү катмарын бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Тактап айтканда, аталган жаран тилкеге мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүүнү көздөгөн.

    "Жыйынтыгында, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 135 миң 524, 35 сом доо коюлду", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 03:12:39
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 12.03.2024, 02:40:52