Опубликовано
02.03.2021, 03:15Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.
[news 30277]
«Бийликке келгенден кийин биз бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Албетте, толук кандуу коргоого ала элекпиз. Билесиздер, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошого байланыштуу жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин жаңы мыйзамдар жазылат, жаңы парламент шайланат», -деп билдирди Жапаров.
Президент билдиргендей, бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээли жогору көтөрүлөт. Аталган агенттик Президенттин алдындагы Улуттук агенттик болот.
[news 32356]
Эске сала кетсек, жакында эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп Алманбет Шыкмаматов дайындалган.