akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.07.2024, 08:51

    Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

    Белгиленгендей, 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К.А. аттуу кызматкери кармалды.

    Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.Э.Ж. аттуу КР жаранынан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң доллар опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

    Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 5-июлунда Кадастр мекемесинин кызматкери Э.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.


    Читать похожее

    • 09.07.2024, 02:51:45
    • 03.03.2022, 21:15:53