Опубликовано
08.04.2021, 08:45Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артурбек Жуманазаров брифинг учурунда билдирди.
[news 33922]
Анын айтымында, ооруканаларда 227 млн сомго дары-дармектер бар.
«Бир айлык керектөөчүлүк 95 млн сом деп эсептелген. Бизде 227 млн сом бар, бул эки айга кенен жетет. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 57 клиникага дары-дармектер берилген», - дейт ал.