akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Www

    Жарыяланган

    2024-11-06, 11:53

    Айыл Банк Курман Айттын урматына белектерди таратпайт

    Айыл Банк Курман Айттын урматына белектерди таратпайт.

    Акыркы учурда шылуундардын активдүүлүгү кыйла жогорулады жана жеке маалыматтарды коргоо мурдагыдан дагы маанилүү болууда. 

    Алдамчылыктын эң көп таралган түрлөрүнүн бири телефон чалуулар, почта же электрондук билдирүүлөр аркылуу сиздердин сырсөз, PIN-код жана башка жашыруун маалыматтар сыяктуу жеке маалыматтарды алуу аракети болуп саналат. Биз сиздердин каржылык коопсуздугуңуздарга коркунуч алып келе турган алдамчылык схемаларына өтө кылдат көңүл бурууңуздарды суранабыз.

    Биз эң көп таралган алдамчылыктын түрлөрүнө көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз жана коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: 

    Сайттарды жасалмалоо жана фишинг

    Шылуундар сиздин коопсуз баракта өз маалыматтарыңызды киргизип жаткандай сезилген банктын, же онлайн-дүкөндүн, курьердик кызматтын сайтына окшош баракчаларды түзүшөт. Ар дайым браузердин сабындагы сайттын дарегин текшерип туруңуз. Эгер ал расмий сайттын дарегинен айырмаланса, анда сиздин алдыңызда шылуундардын сайты.

    Социалдык инженерия

    Шылуундар өздөрүн Банктын кызматкери катары көрсөтүп, телефон чалып же электрондук кат аркылуу сиздин жеке маалыматтарыңызды сурашы мүмкүн. 

    Банк телефон, сайт, мессенджер аркылуу, социалдык сайттарда же тейлөө кеңселеринде сырсөз же PIN-кодду эч качан сурабайт.

    Алдамчылыктын башка түрлөрү

    Банктын атынан жалган телефон чалуулар, жалган лотереялар жана ойнотуулар шылуундардын сиздин жеке маалыматтар менен каражаттарыңызды алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле, шылуундар сизге экран ачылардын алдында SMS билдирүүдөн келген маалыматтарды алуу үчүн чоочун "AnyDesk" сыяктуу тиркемелерди жүктөөнү сунуштарына көңүлүңүздөрдү бурабыз.  Бул схема өзгөчө интернет-банкинг аркылуу же электрондук капчыктарга каражаттарды чыгарып кетүүдө көбүрөөк колдонулат. 

    Коргонуу боюнча сунуштар

    Өзүңүздү шылуундардан коргоо үчүн кийинки жөнөкөй кеңештерди карманыңыз:

    · Жеке маалыматтарыңызды же сырсөздөрдү телефон, электрондук почта, мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу бөлүшпөңүз.

    · Жеке маалыматтарды киргизип жатканыңызда сайттардын даректерин кылдаттык менен текшериңиз.

    · Ишенимдүү сырсөздөрдү колдонуңуз жана башкалар менен бөлүшпөңүз.

     Эсиңиздерде болсун – сиздин коопсуздук биздин артыкчылыгыбыз. Биз сиздердин ишенимиңиздерди баалайбыз жана сиздердин каржыларды коргоого жардам бергенге даярбыз. Бул маалымат сиздердин маалымдуулукка ээ болууңуздарга жардам берип, шылуундардан коргонушуңузга көмөк берет. Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин коопсуздук – биздин артыкчылыгыбыз!

    Урматтоо менен, 

    Айыл Банк


    Тектеш материалды окуу