akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-09, 12:00

    Айыл Банк БУУнун жоопкерчиликтүү банк иши принциптерине кол койду

    2024-жылдын 15-августунда Айыл Банк БУУнун Жоопкерчиликтүү банк иши принциптерине расмий түрдө Кыргызстандагы биринчи банк болуп кирди. 

    Бул принциптер туруктуу банк индустриясы үчүн жалпы негиздерди түзөт жана бүткүл дүйнөдөгү банктарга туруктуу стратегияга жана операцияларга интеграциялоого жардам берет. 

    Биз өзүбүздүн ишибиздин экологиялык жана социалдык таасирин эске алууга, айлана-чөйрөгө жана коомго терс таасирин азайтуу боюнча максаттарды коюуга, ошондой эле жетишкендиктерибиз тууралуу маалымат берүүгө милдеттенебиз. 

    Айыл Банк ар дайым жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүүгө жана туруктуу өнүгүүгө умтулуп келет. Принциптерге кол коюу менен биз мыкты дүйнөлүк тажрыйбага таянып, пландаштырылган багыт боюнча иштөөнү улантуу ниетибизди ырастайбыз.

    “Экономиканын негизги секторлорун туруктуу практикага өтүүдө стимулдаштыруу үчүн Айыл Банктын потенциалы абдан жогору. Биздин азыркы көздөгөн максатыбыз кызматкерлер, кардарлар жана жалпы коом үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүүгө салым кошот деп ишенем”, ‒ деди Айыл Банк Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов. 

    Келгиле, жаркын келечекти бирге куралы!


    Тектеш материалды окуу