akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Айыл банк

    Жарыяланган

    2024-19-11, 17:00

    8% чен менен жеңилдетилген газдаштыруу: Айыл Банктын элибиздин жашоо шартын жакшыртууга салымы

    Айыл Банк Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун конуштарын газдаштырууну каржылоо үчүн жылына 8% чен менен жеңилдетилген кредит продуктун сунуштайт. 

    Долбоордун максаты газ түтүктөрүн туташтырууга жана керектелүүчү жабдыктарды сатып алууга каржылык жактан колдоо көрсөтүү болуп саналат . Бул инфраструктураны жакшыртууга, энергоресурстарга болгон чыгымдарды азайтууга жана абанын булгануусунан коргонууга өбөлгө түзөт.

    Айыл Банк газдаштыруу программасын жылдык 8% чен менен 2 жылга чейинки мөөнөткө сунуштайт, бул кредит алуучуларга газ тармагына кошулуу чыгымдарын акырындык менен жабууга мүмкүндүк берет. Кредит газ жабдууларын орнотууга жана туташтырууга берилет. 

    Кредиттин шарттары: 
    • Пайыздык чен: жылдык 8%  
    • Насыянын мөөнөтү: 2 жылга чейин 
    • Максаты: турак жайды газ инфраструктурасына кошуу 

    Арыз калтыруу үчүн: 
    Жеңилдетилген газдаштыруу үчүн Айыл Банктын жакынкы бөлүмүнө же банктын сайтына арыз калтыра аласыз. Банктын кызматкерлери бардык кызыкдар жарандарга долбоордун шарттары жөнүндө кеңири маалымат берүүгө даяр. 
    Айыл Банктын газдаштыруу долбоору – бул заманбап тиричилик ыңгайлуулуктарына жетүү гана эмес, экологиялык абалды, ошондой эле жарандардын жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымы болуп саналат. 

    Байланыш номуру: 5511 
    Сайт: www.ab.kg 
    WhatsApp: +996 990 55 11 00 
    Улуттук Банктын лицензиясы №048


    Тектеш материалды окуу