Жарыяланган
2025-29-04, 20:2326-27-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу "Айдоо Фест 2025" аттуу уникалдуу фестиваль болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан миңден ашуун катышуучу жана конок чогулуп, жер айдоо өнөрүндөгү мыкты чеберлерди аныкташты.
Финалдын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Мындан сырткары, механизаторлор арасында чеберчилик боюнча өзүнчө сынак өткөрүлүп, эң мыкты айдоочуларга бакча чачкычы, смартфон, телевизор жана акчалай сертификаттар тапшырылды. Бул сынакта Леджеров Арса, Мойдунов Токтомат жана Сабаев Джумабек сыяктуу чеберлер өзгөчөлөнүштү.
Ошондой эле фестивалдын алкагында кой кыркуу боюнча сынак өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:
Фестивалдын программасы айыл чарба техникаларынын жарманкесин, элдик оюндарды, балдар үчүн атайын иш-чараларды жана белгилүү эстрада ырчыларынын концерттерин камтып, конокторго чыныгы майрамдык маанай тартуулады.
Айдоо Фест 2025 — бул айыл чарба тармагындагы кесипкөйлүктү, элеттик маданиятты жана улуттук салттарды даңазалаган жаңы демилге катары тарыхта калды.
Улуттук банктын лицензиясы №048