akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-20-12, 12:29

    Айыл Банк менен Жер ресурстары агенттиги санариптик төлөмдөр боюнча келишим түздү

    «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын Төрагасы Т.Б. Алиджанов жана Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ж.Т. Токтосунов төлөмдөрдү кабыл алуу жана маалыматтык кызматташтык боюнча макулдашууга кол коюшту.

    Бул макулдашуунун максаты — Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Агенттиктин кызмат көрсөтүү акыларын «Айыл Банк» ААКсынын заманбап санариптик чечимдери аркылуу ыңгайлуу жана тез төлөө жолун камсыз кылуу.

    Макулдашуунун негизги шарттары:
    Кардарлар Агенттиктин кызматтарын Кыргыз Республикасынын банктарынын бардык мобилдик тиркемелери аркылуу бирдиктүү QR-код менен төлөй алышат. Банк менен Агенттик маалыматтарды заманбап санариптик кызматтар аркылуу электрондук форматта алмашат, бул ыкчам жана коопсуз операцияларды камсыз кылат.
    Жаңы механизм төлөм процессин жөнөкөйлөтүп, Агенттиктин кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
    Банк кабыл алынган төлөмдөрдүн реестрин күн сайын берип турат, ал эми каражаттар Агенттиктин эсебине ыкчам которулат.

    «Биз мамлекеттик мекемелер жана Кыргызстандын жарандары үчүн заманбап банктык чечимдерди өнүктүрүүнү улантуудабыз. Жер ресурстары боюнча агенттиги менен болгон макулдашуу мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана кардарларыбыз үчүн кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат», — деп белгиледи Тилек Алиджанов.

    «Айыл Банк менен биргеликте биз көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча жаңы ыңгайлуу инструменттерди киргизүүдөбүз. Бул төлөм процессин жөнөкөй, тез жана ачык кылат», — деп кошумчалады Агенттиктин директорунун орун басары Ж.Т. Токтосунов.

    «Айыл Банк» ААКсы мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштүктү чыңдоону жана кардарларды тейлөө сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү заманбап финансылык технологияларды киргизүүнү улантууда.

    Улуттук банктын лицензиясы № 048


    Тектеш материалды окуу