akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-26-06, 11:46

    «Айыл Банк» ААКдан газдаштырууга жылына 8% менен кредиттер

    Абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн «Айыл Банк» ААКсы  «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте «Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо-2» долбоорун улантууда.

    Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары турак жайларды жана коммерциялык объекттерди газдаштыруу үчүн "Айыл Банктан" пайдалуу шарттарда кредит ала алышат.

    «Газдаштыруу» кредиттик продуктунун шарттары:

    • күрөөсүз, кепилдиксиз жана өздүк салымсыз;
    • кредиттин суммасы 150 000 сомго чейин, мөөнөтү 24 айга чейин;
    • пайыздык чени – жылдык 8%;
    • кредит берүүдө эчкандай комиссия жок (КИБ жана накталай акча алуу комиссиясы).

    Кредиттин максаты:

    • газга туташтыруу;
    • газдаштыруу курулуш-монтаждоо жумуштарын (КМЖ);
    • газ менен жылытуучу казандарын орнотуу/сатып алуу;
    • газдаштыруу үчүн мурда алынган кредиттерди кайра каржылоо.
    • Натыйжалуу пайыздык чен - 8,28%.

    Газдаштыруу таза, ден-соолукка пайдалуу жана маанилүү кадам болуп саналат
    биздин өлкөбүздүн экологиялык таза келечеги.


    Тектеш материалды окуу