akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-07, 09:05

    Акыркы 2,5 айда сел 170 млн сомдон ашык чыгым алып келди

    Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти. 

    Бообек Ажыкеевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 млн сомдон ашык болгон.

    Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди. 

    Мындан тышкары селдин алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чаралар, анын ичинде коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланды.

     


    Тектеш материалды окуу