akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-28-09, 10:15

    Ысык-Көлдүн Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

    Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагындагы Темир айылынын тургундары көчүрүлөт. 

    Министрлер кабинетинен билдиришкендей, чечим селден жабыркаган тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. 

    Токтомдо жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган. 

    Эске салсак, ушул жылдын август айында аталган аймакта катуу сел жүргөн.


    Тектеш материалды окуу