Жарыяланган
2024-18-12, 11:32Мамлекеттик кызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга тийиш. Бул тууралуу “Токтом” порталына жарыяланды.
Мамлекеттик, муниципалдык ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан ашык болгон чарбалык коомдордун кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү турак жайларын камсыздандырууга милдеттүү.
Андан тышкары, электр энергиясы, газ, суу түтүгү, жылытуу, канализация кошуу же жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкаттарды алуу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды колдонууда сөзсүз түрдө камсыздандыруу полиси талап кылынат.