akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-04-04, 12:18

    Турак жайын камсыздандырган кыргызстандыктар көбөйө баштады

    Турак жайын камсыздандырган кыргызстандыктар көбөйө баштады.

    Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 1 миллион 200 миң турак жай фондусунун 20 пайыздан ашыгы камсыздандырылган. Бир нече ай мурун бул көрсөткүч эки эсе аз болчу.

    Министрлик белгилегендей, өткөн жылы Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун алкагында 60 миллион сомдон ашык каражат төлөгөн.

     Эске салсак, үйлөрдү камсыздандыруунун баасы шаарда 1 миң 200 сом, айыл жеринде 600 сомду түзөт.


    Тектеш материалды окуу