Жарыяланган
2024-16-12, 19:00Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Ак-Суу районунун аталган унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Көр көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында трассанын 38-112-чакырымын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды.
Ага ылайык, бул тилке 18-декабрга чейин жабык болот.