Жарыяланган
2024-06-12, 11:10Мамлекеттик салык кызматы шылуундардан сак болууга чакырат.
Өздөрүн салык кызматкери катары тааныштырып, мессенджер аркылуу мөөр басылган билдирүү кагаздарын жөнөткөн адамдар катталууда.
Алар акча которуу үчүн салык төлөөнү талап кылышат. Ведомство салык төлөөчүлөргө социалдык тармактар аркылуу расмий кат жөнөтпөй турганын белгилейт.
Кыргызстандыктар этият болуп, белгисиз адамдарга акча которбошу керек.