akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-11, 09:20

    Мэрия электросамокат менен жүргөндөргө бир катар талап иштеп чыкты

    Бишкек мэриясы электросамокат менен жүргөндөргө бир катар талап иштеп чыкты. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

    Ага ылайык, электросамокат тепкендер веложол менен гана жүрүшү керек, тротуарга эч ким жокто чыкса болот. Жолду кесип өтүп жатканда самокаттан түшүп, жөө өтүү керек. Шаарда саатына 25 чакырым, короолордо — 20 чакырым, эл көп чогулган жерлерде — саатына 5-10 чакырым менен гана жүрүүгө болот.

    Ошондой эле мэрия скутерлерди ижарага берген компанияларга бир катар талаптарды киргизүүнү сунуштоодо. Алсак, алар самокаттарды улам текшерип, камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттендирилет.


    Тектеш материалды окуу