Жарыяланган
2024-09-05, 06:36Коммерциялык банктар 8-майдагы аукциондо 7,1 млн доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Банктар 4 млн 850 миң долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 2 млн 250 миң долларды - бүтүм жасалган датадан башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Соода 1 доллар 88,55-88,38 сом диапазонунда жүргүзүлгөн.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 22-марттан бери америкалык валютанын баасы төмөндөп, АКШ долларынын курсу 0,7%га арзандады.