Жарыяланган
2024-05-10, 10:12Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 63 орундуу бөлүм облустук бириккен оорукананын базасында пайда болот. Курулуш иштери 2 жылда аяктайт деп пландалууда.
Борбордо кабыл алуу, төрөт, кайра жандандыруу жана операция бөлүмдөрү жайгашат.