akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-11, 15:32

    Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияларга 10,7 млн сом айып салынды

    Бишкекте мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн курулуш компанияларына 10 млн 725 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан "ПЕРФЕКТ СТРОЙ", "АРАЙ", "Скай Билдингс Инжиниринг", "ХАН СТРОЙ" ("Бренд Хаус"), "Руссотехмонтаж", "Береке Билдинг", "Стальмонтаж плюс" жана башка жоопкерчилиги чектелген коомдорго Бишкек шаарында курулуш иштерин бузуулар менен жүргүзүгөндүгү, көп кабаттуу турак-үйлөрдү курууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталды.

    Мамкурулуш мындан ары да курулуш эрежелерин сактабаган курулуш компанияларына текшерүүлөр улантылып чара көрүү улантыларын эскертет.


    Тектеш материалды окуу