akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-12, 10:30

    Ошто көмүрдүн баасын жогорулаткан ишкерлерге айып салынды

    Ошто көмүрдүн баасын жогорулаткан ишкерлерге айып салынды. Облустук администрациядан билдиришкендей, испекторлор Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы отун базаларында бааларга мониторинг жүргүздү.

    Рейддин жүрүшүндө бааларды негизсиз жогорулаткан 16 ишкер аныкталып, айыпка жыгылды.

    Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, аймакта 151 отун базасы бар. Аларда көмүрдүн баасы 6 миң сомдон баштап, 9 миңге чейин жетет.

    Эске салсак, Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. 


    Тектеш материалды окуу