Жарыяланган
2025-13-02, 14:15Бишкекте бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузган жеке жактарга 3 миң сомдун ордуна 5,5 миң, юридикалык жактарга 13 миңдин ордуна 17 миң сом, белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо, үйүп салуу, өрттөгөндөргө — 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом, белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу сунушталды.
Ошондой эле көрктөндүрүү жана таштанды таштоо боюнча салынган айыпты 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда.