Жарыяланган
2025-18-03, 14:35Жыл башынан бери ОСАГО боюнча 3 млн 380 миң сомдон ашык компенсация төлөндү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, каражат 30дан ашык адамга берилди.
Автоунааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экени айтылып келет.
Эске салсак, ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 2025-жылдын 1-июлунан тарта айып пул салынып баштайт.