Жарыяланган
2025-10-03, 17:17Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражараттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу каралууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуштады. Ага ылайык, социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын, мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузууга багытталган жалган маалыматтарды чыгарган адамга 20 миң сом, андай маалыматты жарыялаган юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу сунушталды.
Эске салсак, буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы күчүнө кирген.