Жарыяланган
2025-14-03, 13:40Бишкек шаары жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилген 2019-жылдан бери бюджетке 4 млрд сомдон ашык айып пул түштү.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламентте билдиргендей, жол эрежесин бузгандарга 6 млн 600 миңден ашык электрондук токтом чыгарылып, анын ичинен 5 млн 700 миңге жакын токтом боюнча каражат өндүрүлгөн. Калгандары боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.
Урмамбетов кошумчалагандай, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы менен Бишкек шаарында жол кырсыктары 3,1%, Чүй облусунда 14,2% азайды.