akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-12, 09:30

    ОСАГО албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн узартуу сунушталды

    ОСАГО полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн узартуу сунушталды. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдиргендей, айып мыйзам күчүнө киргенден жарым жылдан кийин салынышы мүмкүн.

    Мунун себеби айдоочулар жаңы жылга чейин машинени камсыздандырууга үлгүрбөй турганы менен түшүндүрүлдү.

    Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылдын 1-январынан башталат. Эрежеге баш ийбеген жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

    ОСАГО полиси 1 миң 68 сомдон башталат. 


    Тектеш материалды окуу