Жарыяланган
2025-18-04, 13:44Бишкектеги жана Чүй облусундагы салык кызматкерлерине айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, тершерүү учурунда салык инспекторлору кардарларга ККМ чек бербеген ишкерлерге 5 миңден 13 миң сомго чейин айып салышканы аныкталган. Бирок Укук бузуулар кодексинин 318-беренесинин 4-бөлүмүн (кардарга ККМ чекти бербөө, өткөрбөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн ККМ чек берүү) бузгандарга жаза катары эскертүү гана берилери көрсөтүлгөнүн.
Жыйынтыгында Башкы прокуратура ишкерлерге жазып берилген айыппулдарды жокко чыгарып, 25 инспектордун өзүнө 10 миң сомдон айып салган.
Башкы прокуратура ыйгарым укуктардан аша чаап, ишкерлердин укуктарын бузган, негизсиз санкцияларды колдонгон органдардын аракеттерине бөгөт коюларын эскертет.