akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-12, 15:52

    «Манас» соода-логистикалык шаары алты жылда курулуп бүтөт

    “Манас” соода-логистикалык шаары алты жылда курулуп бүтөт. “Кыргыз-кытай инвестициялык холдингинин” башкы директору Кайрат Керимбеков билдиргендей, анын алкагында 60 миң жумуш орду түзүлөт.

    Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылат.

    Башкы план боюнча шаар үч бөлүктөн турат. Сол тарабында турак жайлар жана кичирайондор, ортосунда соода жана бизнес борборлор, ал эми оң жагында 100 гектарга жакын кампа жана логистикалык зона орун алат.

    Аянты 700 гектарды ээлей турган курулушка 4 миллиард доллардан ашык каражат жумшалары маалымдалган.


    Тектеш материалды окуу