akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-12, 15:25

    Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок имараттарды курууга уруксат берилбейт

    Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок имараттарды курууга уруксат берилбейт.

    Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, салына турган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир унаа токтотуучу жайы болушу керек.

    Соңку маалыматка ылайык, ордо калаада 400 миңден ашык унаа катталган. Андан тышкары, шаарга кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт каттайт.

    Ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага гана эсептелген.


    Тектеш материалды окуу