Жарыяланган
2025-05-03, 09:35Бишкекте ЖЭБ-2нин курулушу апрель айында башталат. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, алгач объектти суу менен камсыздоо боюнча скважинаны бургулоо иштери башталып, газ тартылып, трасса даярдалат.
Ордо калаадагы экинчи Жылуулук электр борборунда 250 МВт кубаттуулуктагы газ куюучу станцияны куруу долбоору боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, макулдашууга кол коюлган.
ЖЭБ-2 ишке кирсе, ордо калааны электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо жакшырып, Бишкек ЖЭБдин жүгүн жеңилдетет деп күтүлүүдө.
Энергетика министрлиги буга чейин билдиргендей, долбоордун бюджети 443 миллион долларды түзөт.