Жарыяланган
2025-11-02, 17:35Бишкекте жылуулук түтүктөрүн алмаштырууга 900 млн доллар керек. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Байгазиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, ордо калаада 200 чакырымдан ашуун жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу зарыл. Ар бир чакырымды алмаштырууга 4,5 млн доллар сарпталат.
Белгиленгендей, Бишкек шаарындагы жылуулук түтүктөрү эскирип, мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу, тешилген учурлар көбөйдү.